www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адвокат Нурбек Токтакунов өзүнүн коргоосундагы Кадыр Атамбаевге карата абакта мыйзамсыз жана кемсинтүүчү мамиле болгонун билдирди. Анын айтымында, кечээ Кадыр Атамбаев менен жолугуп сүйлөшкөндө, ички тартип эрежелерин (ПВР) талап кылып ага күч колдонулуп, чачын кырып салышкан.
Токтакуновдун маалыматына ылайык, Атамбаев буга чейин эле кыска чач менен жүргөн, болгону чачы бир нече миллиметрге гана өсүп кеткен. Ошого карабастан, аны мажбурлап кайрадан чачын алышкан.
Мындан тышкары, Атамбаевдин партиялашы Темирлан Султанбеков да ушундай эле мамилеге туш болгонун айтып, абакта адамдардын чачын стерилизацияланбаган шаймандар менен кырдырышарын билдирген. Бул жагдай өзгөчө кооптуу экенин белгиледи адвокат.
Ушуга байланыштуу Нурбек Токтакунов бир катар талаптарды койду:
- Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абак кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине катуу чара көрүшү керек;
- Ички тартип эрежелери атайын түзүлгөн документ болуп саналат жана ал абактагы адамдарга ачык жеткиликтүү болуп, дубалдарга илиниши зарыл;
- Абактагылардын чачын кырып салуунун коопсуздукка, гигиенага же тарбиялоого эч кандай зарылдыгы жок. Бул, адвокаттын пикиринде, моралдык жана физикалык кемсинтүү максатын гана көздөйт;
- Ал эми стерилизацияланбаган шаймандарды колдонуу, кылмыштын белгиси болуп саналат жана прокурордук жана медициналык текшерүүгө негиз болушу керек.
Адвокат бул фактылар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан дыкат иликтениши зарыл экенин баса белгиледи.