www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Ноокат районунда түнкү убакта коомдук тартипти бузууга байланыштуу 7 жаран аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-августка караган түнү саат 01:00 чамасында Ноокат районунун Көк-Жар айылынын борборунда бир топ жаштар топтолуп, ызы-чуу жаратып жаткандыгы тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланган.
Аталган факты Ноокат РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар 7 жарандын өздүгү такталган.
Учурда бул окуяга тиешеси болушу мүмкүн болгон башка жарандарды аныктоо жана факты боюнча кошумча текшерүү иштери улантылып жатат