www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Үркүн окуяларынын 110 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышы болот.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, көргөзмө Борбордук Азия университетинин «Эс тутум жана эстеликтер: музейлер дубалсыз жана чек арасыз» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Экспозицияда музейдин фондунда сакталган Үркүн темасына арналган көркөм чыгармалар жана изилдөөнүн алкагында чогултулган оозеки тарыхтардын негизинде жаралган инсталляциялар коюлат.

Көргөзмөгө коюлган эмгектер Үркүн окуялары тууралуу оозеки тарыхтарды чогултуу жана изилдөө иштеринин жыйынтыгында жаралган. Алар аркылуу тарыхый окуялардын элдин эс тутумунда сакталып калган издери жана муундан муунга өтүп келе жаткан эскерүүлөрү чагылдырылат.

Көргөзмөнүн автору жана арт-куратору — Замира Батырбекова. Долбоордун катышуучулары — Кулайым Батырбекова жана Акзыйнат Шеримбек кызы.

Үркүн — 1916-жылдагы кайгылуу окуялар. Анда көтөрүлүш басылгандан кийин миңдеген кыргыздар жазалоочу отряддардан аман калуу үчүн Кытайга качышкан. Тарыхчылардын баалоосу боюнча, бул окуялардын натыйжасында кыргыз калкын сан жагынан жоготуу 40 пайызга жакындап, анын курмандыгы кеминде 120 миң кыргыз жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон.

Последние новости