www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар орус номурлуу унаалардын айдоочулары Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакка чогулуп, бийликке кайрылышты.

Айдоочулар орус номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн узартып берүүнү суранышты. Алардын айтымында, алгач абхаз, армян номурлуу унаа легалдаштырылып, ал эми орус номурлуу унааларга убакыт, кезек жетпей калган. Ошондой эле, аларга 2 ай гана убакыт берилгенин белгилешти.

Айдоочулардын айрымдары убагында унааны мыйзамдаштыруу үчүн төлөнчү 50 миң сомду таба албай калышканын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2025-жылдын 1-апрелинен тартып чет элдик номурлуу автоунааны мыйзамдаштыруу иши башталган. Биринчи кезекте документи барлар, экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талапка жооп бергендери каттоого алынган. Андан тышкары документи жок автоунааны башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Последние новости