www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ырчы аталган кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалган.
Эмил Балтагулов 1981-жылдын 28-сентябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай шаарчасында төрөлгөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган.
Ал Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген, Чаткал районундагы маданият үйүндө көркөм жетекчи, Жалал-Абад облустук филармониясында артист жана директордун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Жалал-Абад маданият техникумунун жана Барпы атындагы облустук кыргыз драма театрынын директору кызматтарын аркалаган.
Ал бир катар эл аралык жана республикалык сынактардын лауреаты. Анын ичинде «Улуттар аралык классика-2004» фестивалынын лауреаты, «Мыкты аткаруучу-2000» сынагынын байге ээси, ошондой эле Рыспай Абдыкадыров атындагы ырчылар конкурсунун жеңүүчүсү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы жана «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.