www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэланын президенти Николас Мадуро бүгүн, 2025-жылдын 9-сентябрында RT каналына маек берип жатып мындай деди: «Папа Римский Франциск эки жыл мурда эле дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согушка карай бара жатат деп айткан. Менимче, ал (согуш) башталып кетти», — деди ал.

Ага кошумча АКШны «өзүнүн гегемониясын таңуулоону каалаган империя» деп атап, аларда мындай согуш жүргүзүү планы бар экенин билдирди.

Акыркы апталарда АКШ Кариб деңизине жана Түштүк Карибге аскердик күчтөрүн жайгаштырды: эсминецтерди, суу астындагы кайыктарды жана болжол менен 4 миң жоокерди жана Каракас муну чоң коркунуч катары кабыл алды.

Мадуро жогорку кадамга жооп иретинде: Венесуэла «күч менен коргоноорун», зарыл болсо «куралдуу күрөшкө өтөөрүн» жана «улуттук мобилизацияга» даяр экенин айтты.

Мадуро чындап эле «Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталды» деп билдирди. Бирок бул көбүнчө саясий жана риторикалык билдирүү болуп эсептелет, анткени азыркы учурда расмий түрдө дүйнөлүк согуш жарыяланган жок.

Последние новости