www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Непал сарайы толугу менен өрттөнүп кетти.Аны эч ким өчүрүүгө аракет кылган жок.
Имаратта башкы кеңселер жана бөлүмдөр, анын ичинде премьер-министрдин кеңселери жайгашкан. Бардык маанилүү документтер күйүп кеткен.
Сингха Дурбар Азиядагы эң чоң сарай болуп эсептелет: ал 1700 бөлмөдөн турган жана 1903-жылы премьер-министрдин резиденциясы катары курулган.
Непалдын президенти массалык баш аламандыктан отставкага кетти. Бул тууралуу маалыматты "Индия бүгүн" жазып чыкты.
Непалдын мурдагы премьер-министринин жубайы демонстранттар үйүнө кол салгандан кийин каза болду. Ал күйүк алып оор абалда ооруканага жеткирилип, каза болгон. Митингчилер аны үйдүн ичине камап, өрттөп салышкан.
Непалдагы нааразылык акцияларынан каза болгондордун саны 22ге жетти, 500дөн ашуун адам жараат алды.
Эске салсак, нааразылык акциялары көптөгөн популярдуу социалдык медиа платформалары жабылгандан кийин башталган, ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коррупцияга жана мамлекеттик каражаттарды туура эмес пайдаланганына байланыштуу коомчулуктун нааразычылыгы күч алган.