www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин өлтүрүлүшүнөн кийин, анын уулу жана мураскери Можтаба Хаменеи эл алдына чыга албай турганын билдирди.
"Биз мурунку "тиранды" жок кылдык, ал эми "жаңы тиран"... эл алдына чыга албайт", - деди Нетаньяху басма сөз жыйынында.
Израилдин премьер-министри азыркы согушта дагы көптөгөн "сюрприздер" болорун кошумчалады, бирок Ирандын жаңы жогорку лидеринин жана "Хезболланын" башкы катчысынын тагдыры боюнча пландарын ачыкка чыгарбай турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ жана Израил Ирандагы, анын ичинде Тегерандагы буталарга сокку ура баштаган. Иран жооп катары Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик буталарына жооп кайтаруу соккуларын жасап жатат.