www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын мамлекеттик телеканалынын алып баруучусу 12-мартта жаңы жогорку лидер аятолла Можтаба Хаменинин алгачкы билдирүүсүн окуп берди.
- Ормуз кысыгын бөгөттөө куралын мындан ары да колдонуу зарыл. Душмандын тажрыйбасы аз жана чабал жерлерде башка фронт ачуу иликтенди. Согуш улана берсе жана стратегиялык максатка жараша ошол майдандарды ачабыз”, - деп айтылат билдирүүүдө.
Бийликти атасынан мурастап алган кенже Хаменеи акыркы жолу АКШ менен Израил Иранга каршы чабуулду баштаган 28-февралга чейин калың эл алдына чыккан. Аны эксперттер кеңеши жогорку кызматка 8-мартта тандаган.
Кара май ташуунун маанилүү жолу болгон Ормуз кысыгы дээрлик толугу менен жабылгандан кийин Перс булуңундагы өлкөлөр мунай өндүрүүнү азайтып, баалар кескин көтөрүлүп кетти.