www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО Орусия менен түз аскердик кагылышуу болуп кетсе, аракеттенүү боюнча атайын концепция даярдаганы айтылууда. Бул тууралуу немистердин Bild басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, пландын негизги багыты – Орусиянын ракеталык соккуларын алдын алуу жана ракеталык системалар жайгашкан объектилерди иштен чыгаруу. Бул үчүн истребителдер, ракеталар жана учкучсуз аппараттар колдонулушу мүмкүн.

Ошондой эле Орусия жана Беларусь менен чектеш аймактарда дрондор жана автономдуу аскердик техника кеңири колдонулган атайын «автономдуу зона» түзүү сунушталган. Максат – кагылышуунун алгачкы этабында аскерлердин түздөн-түз алдыңкы чекке чыгышын азайтуу.

Маалыматта бул азыркы учурдагы согушка даярдык эмес, НАТО менен Орусиянын ортосунда түз кагылышуу болуп кеткен шарттагы мүмкүн болгон жооп сценарийи экени белгиленет. Россия буга чейин НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жок экенин бир нече жолу билдирген.

Последние новости