www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте «Кыргыз көмүр» компаниясы менен биргеликте иштеген кампаларда бир тонна көмүрдүн баасы 7 миң сом деп белгиленди. Бул тууралуу «Кыргыз көмүрдүн» башкы директору Рустамбек Садыралиев радио эфиринде билдирди.
Анын айтымында, капка салынган көмүрдүн баасы өзүнчө аныкталат, анткени ал каптын баасын жана кол эмгекти камтыйт.
Садыралиев Бишкекте компания менен кызматташкан 26 пункт иштеп жатканын кошумчалады. Ошол эле учурда компания менчик кампалардагы бааны көзөмөлдөбөйт.