www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министринин орун басары Н.А. Керимов “Кыргызкөмүр” ААКнун башкы директору Рустамбек Садыралиев менен биргеликте Кара-Кече көмүр кени жана Миң-Куш көмүр кенинин «Агулак» участогуна иш сапары менен барып, 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө кыртышты ачуу иштери негизинен бекитилген планга ылайык аткарылып жатканы белгиленди. Ошол эле учурда май айындагы жаан-чачындын көп болушу өндүрүш иштеринин темпине белгилүү деңгээлде таасирин тийгизип жатканы айтылды.

Мындан тышкары, көмүр казуу жана жеткирүү иштеринин учурдагы абалы каралып, алдыдагы жылытуу мезгилинде калкты жана керектөөчүлөрдү көмүр менен өз убагында жана жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Белгиленгендей, 2026-жылга карата Кара-Кече көмүр кенинде жалпысынан 1 млн 622 миң тонна көмүр өндүрүү пландалууда. Анын ичинен 700 миң тоннасы ЖЭБге, 700 миң тоннасы калкка жана 200 миң тоннасы бюджеттик жана социалдык мекемелерге жеткирүү каралган.

Ошондой эле иш сапардын алкагында өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү белгиленген мөөнөттө камсыз кылуу, көмүр запасын өз убагында даярдоо жана күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү боюнча тиешелүү милдеттер коюлду.

Даярдык иштеринин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүлүшү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Последние новости