www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту өлкө боюнча 87 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, техникалык корутундулар курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун баалоого, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоого багытталган.

Институт тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр турак жайларды, коомдук имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин камтыды.

Ошондой эле техникалык корутундунун алкагында адистер имараттарды реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүнө инженердик-техникалык баа берип, алардын коопсуз пайдаланылышына байланыштуу сунуштарды иштеп чыгышат.

Адистер белгилегендей, мындай корутундулар курулуш тармагында сапат менен коопсуздукту камсыздоодо маанилүү инструмент болуп саналат.

Последние новости