www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарынын вице-мэринин үй-бүлөсүнөн дагы COVID-19 аныкталды. Мындан тышкары Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын бир кызматкеринен да аныкталып, имарат курчоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Динара Жунусова билдирди.

Анын айтымында, Нарын шаардык мэриясы жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясындагы кызматкерлер арасынан коронавирус аныкталгандыктан имарат курчоого алынган.

«Нарын шаарынын вице-мэри үй-бүлөсү менен чогуу ооруп калды. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын бир кызматкери да ооруп калды. Ушуга байланыштуу имараттар курчоого алынып, калган кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат. Азыркы күндө 5 мобилдик топ шаардын 5 чөлкөмүндө иштеп жатат», – деди Динара Жунусова.

Буга чейин Нарын шаарынын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп, мэрия карантинге алынганы маалымдалган. Белгилүү болгондой, 18-майда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов коронавирусту жуктуруп алганы аныкталып, изоляцияга дарыланууга жаткырылган. Буга байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости