www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абалды оңдош мүмкүн болбой калды окшойт. Мектеп окуучуларынан тартып, профессор-академиктерге чейин, өмүр бою шаарда жашагандардан баштап, калаага жаңы эле айылдан келгендерге чейин: «Баха көчөсү» же «Токтогула көчөсү», – деп сүйлөп калдык. Көнүмүш болуп кеткендиктен, автобуста бараткандар айдоочуга кайрылып: «Медеровадан токтотуп коюңузчу», – дейт. Канга сиңип кеткен сыяктуу.
Мен мурда орусча жаздым эле. Журналисттердин сүйлөгөн-жазгандарынан жадап, мындан ары көчөнүн атын айтып жатканда, фамилиянын аягына «а» тамгасын кошпогула деп катуу тыюу салдым. Эртеси бир журналист: «Бейшеналиев көчөсү», – деп жазып келиптир. Бул кайдагы көчө деп сурасам – мына, Ош базарынын жанындагычы дейт. Ой, ал Бүбүсайра Бейшеналиева эмеспи десем: «Өзүңүз кечээ күнү «а» тамгасын кошпогула дебедиңизби!» – деп кайра мени күнөөлүү кылган.
Мындай пикирин белгилүү журналист Нарын Айып билдирди.
Булак: NazarNews.kg