www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын шаарындагы М. Жусаев атындагы паркка бийиктиги 47 метр болгон заманбап аттракцион дөңгөлөгү орнотула баштады. Анын жалпы баасы 47 миллион сомду түзүп, долбоор мамлекеттик насыялык каражаттын эсебинен Нарын шаардык мэриясы тарабынан ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, парк «Ага Хан» өнүктүрүү фондунун Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында толук реконструкцияланат. Долбоордун жалпы наркы 500 миң АКШ долларын түзөт.
Реконструкциянын алкагында паркка спорт аянтчалары, балдар оюн зоналары, ачык асман алдындагы амфитеатр, жасалма көлмөлөр курулуп, эс алуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлөт.
Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев парктагы курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен долбоорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү.
Маалыматка ылайык, келишимге ылайык эс алуу жайын толук реконструкциялоо иштери ушул жылдын ноябрь–декабрь айларында аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда.