www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкордо селден 9 көпүрө жабыркады

Нарын облусунун Кочкор районунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел коркунучу жаралып, чет элдик туристтер жана жергиликтүү өспүрүмдөр коопсуз жайга эвакуацияланды.

Райондук администрациянын маалыматына ылайык, Көл-Үкөк жайлоосунан төрт чет элдик турист жана жети жергиликтүү өспүрүм куткаруучулар тарабынан коопсуз жерге чыгарылып, Кочкор айылына жеткирилди.
Ошондой эле дарыялардагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, табигый кырсыктын кесепетинен тогуз көпүрө жабыркаганы белгиленди.

Учурда өзгөчө кырдаал кызматтары сел жана суу ташкыны коркунучу сакталган аймактарда күнү-түнү иш алып барып, калктын коопсуздугун камсыздоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин азайтуу боюнча чараларды көрүүдө.

Жергиликтүү бийлик жарандарды дарыялардын жээктерине, нуктарына, каналдарга, көпүрөлөргө жана башка кооптуу аймактарга барбоого чакырып, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоону эскертти.

Последние новости