www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облустук прокуратурасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Жыйынга кеңештин мүчөлөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Отурумда шаар куруу жана архитектура тармагында мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Катышуучулар курулуш тармагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын так сактоо, курулуш объекттерин техникалык регламенттерге жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык куруу, ошондой эле объекттердин коопсуздугун, сапатын, жер титирөөгө туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыздоо боюнча чараларды карашты.
Мындан тышкары, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарынын аткарылышын күчөтүү, мыйзам бузууларга жол бербөө жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.
Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Нарын облусундагы аймактык башкармалыктарына мыйзам талаптарынын так аткарылышын камсыз кылуу, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.
Нарын облустук прокуратурасы мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы иштерди мындан ары да ырааттуу улантарын билдирди.