www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай куруу үчүн жер тилкелерин кезексиз алуу укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көзөмөл органы тарабынан ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарынын сакталышы текшерилген.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, ата-энесиз калган 5 өспүрүмгө турак жай куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып берилди.
"Учурда аталган жер тилкелерине тийиштүү укук тастыктоочу документтер даярдалып, ээлерине тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.