www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШга бара турган студенттер визалык төлөм талабына баш ийбейт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Студенттер F же М категориясындагы визаларды алышат.

«Төлөм ишкердик же туристтик виза (В1/B2) үчүн кайрылгандардан гана талап кылынат», -деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды камтыган 38 өлкөнүн жарандары үчүн 5 миңден 15 миң долларга чейинки визалык төлөм талабын киргизген. Кыргызстандыктар үчүн бул талап 2026-жылдын 21-январынан баштап күчүнө кирет. Төлөмдүн так суммасын консулдук кызматкер маектешүү учурунда аныктайт.

Последние новости