www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылды

Нарын районуна караштуу Нарын-Жаңы-Жол унаа жолун убактылуу ачуу боюнча атайын комиссиялык кароо жүргүзүлгөн.

Комиссиянын курамында райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери жана адистер катышып, жолдун абалы жеринде текшерилген.

Жүргүзүлгөн кароонун жыйынтыгында, №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү жана коопсуз абалга келтирүү боюнча иштер аткарылганы белгиленди.

Белгилей кетсек, Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылып, аба ырайына жараша көзөмөл астында пайдаланууга берилди.

Эске салсак, 2026-жылдын 8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган.

Буга байланыштуу, айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун алдын алуу максатында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу убактылуу жабылган.

Последние новости