www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9-февралында Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан областтык прокуратура органдарынын ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин жыйыны жеке ишкерлердин катышуусунда өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Нарын облусунун прокурору А.К. Кубатидинов аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалар, бизнес коомчулугу жана Бизнес-акыйкатчы институту менен тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул кызматташтык ишкердик субъекттердин жана инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле ишкердик субъекттердин жана инвесторлордун укуктарынын бузулушуна алып келүүчү системалык көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды жоюу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.