www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 7-февралында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын имаратында борбор калаанын Ленин, Биринчи Май, Свердлов жана Октябрь райондорунун ички иштер башкармалыктарынын тергөөчүлөрүнүн катышуусунда киберкылмыштарды иликтөө маселелери боюнча жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарды аныктоо, ачуу жана иликтөөнүн актуалдуу маселелери каралды. Сотко чейинки өндүрүштөгү көйгөйлүү жагдайларга, санариптик далилдерди чогултуу, каттоо жана талдоо маселелерине, ошондой эле райондор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар практикалык тажрыйба алмашып, киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү багытында укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгышты.