www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмокто баңгизаттын таасиринде болгон айдоочу эне менен 5 жаштагы кызын сүзүп кетип, наристе ооруканага жетпей каза болду.
Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 28-сентябрында саат 11:30 чамасында Токмок шаарында Mazda Demio унаасын башкарган 1984-жылы туулган А.Д. аттуу айдоочу С. Ибраимов жана Трясин көчөлөрүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 1992-жылы туулган С.А. жана анын 2020-жылы туулган 5 жаштагы кызы О.Ж. ни сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен наристе кыз ооруканага жетпей каза болуп, энеси олуттуу жаракаттар менен Токмок шаардык ооруканага жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү айдоочу, Чүй облусунун тургуну А.Д., Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Автоунаа айып короого токтотулду.
Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында, айдоочу баңгизаттын таасири алдында экени аныкталган.
"Бардык зарыл экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгына жараша мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат",-деп айтылат маалыматта.