www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында көрүстөнгө мыйзамсыз сөөк коюу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык, көрүстөндөн мыйзамдуу түрдө жер албай туруп сөөк коюу, башка мүрзөнүн жанына уруксатсыз көмүү, жабык көрүстөнгө сөөк коюу, ошондой эле маркумдун сөөгүн уруксатсыз казып алып, кайра көмүү кылмыш катары каралышы мүмкүн.

Мындай аракеттер үчүн 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу, 80ден 200 саатка чейин коомдук иштерге тартуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

Мэриянын маалыматына караганда, учурда мыйзамдарда мындай аракеттер үчүн өзүнчө кылмыш жоопкерчилиги каралган эмес. Уруксатсыз сөөк коюу маркумдар тууралуу маалыматтын расмий эсепке алынбай калышына, санитардык талаптардын бузулушуна жана өлүмдүн себептерин аныктоону кыйындатууга алып келиши мүмкүн.

Мисалы, Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнү 2021-жылдан бери жабык болгонуна карабастан, анда мыйзамсыз сөөк коюу фактылары аныкталган.

Бул боюнча материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Мыйзам долбоору сөөк коюлган жерлерди так эсепке алуу, жабык көрүстөндөрдү мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана сөөк коюу тартибин сактоону күчөтүү максатын көздөйт.

Последние новости