www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылы ажылыкка бара турган зыяратчылардын кийим-кечелеринин тигүү боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу аталган башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак 22-октябрда өтүп, катышуучулар бир катар документтерди жана аялдардын да, эркектердин да формасынын үлгүлөрүн, ошондой эле кызматкерлердин кийиминин үлгүлөрүн жана зыяратчылар үчүн сумкалардын (рюкзактардын) үлгүлөрүн тапшырышы керек.

Эскерте кетсек, өлкөдө 2026-жылдагы ажылыкка жаңы талапкерлерден арыз кабыл алуу 23-сентябрда башталган. Ажылык сапарга барууну пландаган жарандар белгиленген мөөнөттө каттоодон өтүшү керек. Кечигип келгендер кабыл алынбайт.

Буга чейин Кыргыз Республикасы Сауд Арабиясынан 6060 квота алган. Падышалыкта быйылкы орундардын саны азырынча тактала элек.

Последние новости