www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов 16-июлда Кочкор-Ата шаарына иш сапары менен барып, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн аймактарды жеринен көрүп чыкты.

Сапардын жүрүшүндө депутат селдин кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн укту.

Ал калыбына келтирүү иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтарга сунуштарын берип, өз тарабынан колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Учурда Кочкор-Ата шаарында селдин кесепеттерин толук жоюу, тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мындай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер улантылууда.

Последние новости