www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковадан кабар алып, Төрага Марлен Маматалиевдин атынан жардам катары 200 миң сом тапшырды.
«Исхак Раззаков Кыргызстандын өнүгүшүнө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына зор салымын кошкон белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер. Анын өмүр жолу ар бир кыргызстандыкка, айрыкча мамлекеттик жана саясий иштерде эмгектенип жаткан жарандарга үлгү», – деген депутат залкардын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталарын белгиледи.
Ошондой эле Элмира Раззакованы өтүп кеткен 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктаган депутат Камила Талиева ага бекем ден соолук жана узак өмүр каалап, өзү ала барган белектерин да берди.
«Улуу инсандын урпагы саналган сиздей эжелерибиз менен сыймыктанабыз. Жогорку Кеңештин депутаттары, анын ичинен Төрагабыз да майрам учурунда гана эмес, дайыма сизге колдоо көрсөтүп, жардам берүүгө даяр», – деди эл өкүлү.
Өз кезегинде Элмира Раззакова учурда ден соолугу жакшы экенин айтып, Төрага баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, өткөн жылы да Жогорку Кеңештин атынан Элмира Раззаковага каржылык жардам көрсөтүлгөн.