www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууда жабыркагандардын саны 145ке жетти, алардын сегизи балдар. Бул тууралуу Москва облусунун саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди. Ооруканага түшкөндөрдүн расмий тизмеси жарыяланды. Ооруканага жаткырылган тогуз кишинин абалы оор.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 22-мартта болгон кандуу окуяда 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети "теракт" боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Орус маалымат каражаттары жана айрым расмий бийлик өкүлдөрү кандуу окуяны "теракт" деп атай башташты.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кандуу окуяда жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесинде кыргызстандыктар жок экенин кабарлады.

Буга чейин министрлик тараткан маалыматта кандуу кол салууда эки кыргыз жараны жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталып жатканы айтылган.

Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги тактоо иштерин улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости