www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 15-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынан чыгып кетти.

Ал сөзүнөн кийин жыйындын катышуучуларына кайрылып: "Кечиресиздер, мен Москвага кетишим керек. Бүгүн Аляскада Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда орус-америкалык саммит болорун билесиздер. Мен Орусияда болушум керек. Биздин делегация толук курамы менен бул жерде ишин улантат", - деди.

Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандан Адылбек Касымалиев, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян чогулушту.

Байкоочу жана конок катары Ирандын вице-президенти Мохаммад Реза Ареф, Кубанын премьер-министрлери Мануэль Марреро Круз жана Өзбекстандын Абдулла Арипов дагы катышты.

Последние новости