www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин буйругу менен Манас шаардык сотунун төрагалыгына беш жылдык мөөнөткө Байышов Мирлан Байышович дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди. 

Мирлан Байышов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесине, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык дайындалды.

Возможно, это изображение текст

Нет описания фото.

2026-жылдын 20-январында Манас шаарынын Сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпара Сабырова соттун жамаатына Мирлан Байышовду тааныштырып, аны кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Возможно, это изображение текст

Последние новости