www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 9-июнунда Беларусь Республикасынын Минск шаарында Өзбекстандын төрагалыгы алдында КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин консулдук кызматтарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин XXXIII жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты. Кыргыз делегациясын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов жетектеди.

Жыйында Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболорунун аткарылышы, эки тараптуу консулдук макулдашуулар жана жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Ошол эле күнү Алмазбек Байбосов Беларусь ТИМинин Башкы консулдук башкармалыгынын жетекчиси Андрей Кожан менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Анда эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле укуктук кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар консулдук багыттагы кызматташтыкты мындан ары да активдүү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Последние новости