www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-июнда мамлекеттик жана саясий ишмер, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Мыктыбек Юсуповичти акыркы сапарга узатууга анын туугандары жана жакындары, достору, кесиптештери, ички иштер органдарынын ардагерлери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулук өкүлдөрү келишти.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты.

Коштошуу зыйнатынын катышуучулары Мыктыбек Юсуповичтин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти чыңдоого кошкон зор салымын, ошондой эле анын көп жылдык ак ниет мамлекеттик кызматын белгилешти.

Өмүрүн элге жана мамлекетке кызмат кылууга арнаган Мыктыбек Юсупович Абдылдаевдин жаркын элеси аны тааныган, бирге иштеген жана кызмат өтөгөн адамдардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

 

Последние новости