www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-июнда Рим шаарында Башкы прокурор Максат Асаналиев менен Италиянын юстиция министри Карло Нордио эки мамлекеттин ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аталган Келишимге кол коюу кыргыз-италия кызматташтыгын кылмыш-жаза чөйрөсүндө өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, эки мамлекеттин ортосундагы кылмыш иштери боюнча эл аралык кызматташуу жаатындагы келишимдик-укуктук базаны толук калыптандырууну аяктады.
Келишим кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн заманбап укуктук негизин түзүп, процессуалдык документтерди тапшыруу, далилдерди алуу, айрым процессуалдык аракеттерди жүргүзүү, кылмыштуу активдерди аныктоо жана камакка алуу, ошондой эле эл аралык тажрыйбада каралган кызматташуунун башка түрлөрүн ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2024-жылдын 4-октябрында президент Садыр Жапаровдун Италияда болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстан менен Италиянын ортосунда Кылмышкерлерди өткөрүп берүү жөнүндө жана Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерге кол коюлган.
Кол коюлган Келишимдин жоболорун ишке ашыруу эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга, киберкылмыштуулукка, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүүдөгү өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөт.