www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн өлкөгө жумушчу сапары менен келген Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. 

Возможно, это изображение помост и текст

«Чек ара маселелерин чечүү – бул Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достук жана коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзгөн тарыхый окуя. Тажикстан Республикасы менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын өзгөчө белгилегим келет. 2025-жылы өлкөлөрүбүздүн күч-аракеттери соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты калыбына келтирүүгө жана активдештирүүгө, чек ара аймактарынын калкынын социалдык-экономикалык жашоо шарттарын жакшыртууга, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-тажик байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган», - деди МинКаб башчысы. 

Нет описания фото.

Адылбек Касымалиев өткөн жылы Кыргызстандын Тажикстан менен болгон товар жүгүртүүсү 36 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйгөнүн кошумчалады. Министрлер Кабинетинин Төрагасы эки мамлекеттин башчылары товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына жеткирүү милдетин койгонун белгилеп, бул максатка жетүүгө толук даяр экенин билдирди.

Нет описания фото.

Өз кезегинде Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынынын ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелеринде маанилүү экендигин белгиледи. Кохир Расулзода Кыргыз Республикасы менен жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын баса белгиледи. Ал тажик тараптын эки өлкөнүн жетекчилери тарабынан коюлган дымактуу милдеттерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Возможно, это изображение помост и текст

Последние новости