www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда киберкылмыштуулукка, анын ичинде интернет-алдамчылыкка жана балдар арасында баңги заттарды колдонууга жана сатууга каршы күрөшүү маселелери боюнча кеңейтилген жумушчу жолугушуу өттү.

Жолугушууда телефондук жана мессенджердик алдамчылык, социалдык тармактардагы аккаунттарды бузуу, жогорку кирешени убада кылган алдамчылык схемалары, интернет аркылуу баңги заттарын таратуу фактылары талкууланды. Ошондой эле санариптештирүү шартында киберкоркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы координацияны күчөтүү жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Башкы прокуратура жарандарды жеке жана банктык маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөөгө, шектүү шилтемелерге өтпөөгө чакырат. Алдамчылыктын белгилери байкалган учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл экендиги эскертилди.
