www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында өлкө боюнча айылдарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Эрлист Акунбековдун тапшырмасы менен республиканын көпчүлүк айылдарында ичүүчү суу системаларын куруу жана жаңылоо иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. Бул иштердин негизги максаты — айыл тургундарын сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу.
Бирок айрым айылдарда ичүүчү сууну пайдаланууга болгон мамиле ар түрдүү болуп жатат. Кээ бир учурларда суу системаларын туура пайдаланбоо жана аларды сактоо маселесине жетиштүү көңүл бурулбай келет. Мунун натыйжасында курулган суу системаларын туруктуу иштетүүдө кыйынчылыктар жаралууда.
Адистердин айтымында, ичүүчү суу кызматын туруктуу камсыз кылууда тариф маселеси абдан маанилүү. Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, азыркы учурда айыл жерлеринде белгиленген тарифтер суу системаларын иштетүүгө кеткен чыгымдарды толук жаба албайт.
Бул чыгымдар толук жабылбагандыктан, айрым жерлерде суу системаларын өз убагында оңдоо жана тейлөө кыйын болуп калууда. Натыйжада жабдуулар бузулуп, суу берүү үзгүлтүккө учурап, кошумча көйгөйлөр жаралууда.
Ушундай жагдайлардан улам ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматтарын туруктуу жана сапаттуу камсыз кылуу үчүн тарифтерди жөнгө салуу маселеси каралууда. Мында негизги максат — тарифтерди кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына жана эксплуатациялык чыгымдарына ылайык келтирүү аркылуу суу системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу болуп саналат.
Ошол эле учурда калктын жашоо шартын эске алуу маанилүү. Мыйзамга ылайык, эгер тариф кызматтын өздүк наркынан төмөн деңгээлде белгиленсе, тариф менен өздүк нарктын ортосундагы айырма жергиликтүү же республикалык бюджеттен субсидия аркылуу жабылышы мүмкүн.
Мындан тышкары, айрым категориядагы жарандар үчүн жеңилдетилген тарифтер белгиленген учурда, жетишпеген каражаттар да мыйзамда каралган тартипте жергиликтүү же республикалык бюджеттен компенсацияланат.
Бул механизм бир жагынан ичүүчү суу системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылса, экинчи жагынан калк үчүн төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн сактоого жардам берет.
Министрлик жарандарды ичүүчү сууга аяр мамиле кылууга чакырат. Таза суу — ар бирибиз үчүн баалуу ресурс. Аны үнөмдүү жана жоопкерчилик менен пайдалануу — ар бир жарандын милдети.