www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы эл аралык аэропорттун курулушу токтотулганы тууралуу жалган маалымат камтылган видео социалдык тармактарда жана мессенджерлерде таратылган.

УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында видео материалдын автору - Сузак районунун тургуну, 1994-жылы туулган М.у.Ш. экендиги аныкталды.

Профилактикалык сүйлөшүү учурунда ал видеону тартып алып, таратканын мойнуна алып, өкүнүчүн билдирип, аны эч кандай жаман ниет менен таратпаганын түшүндүрдү.

Жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

УКМК эскертет: коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруучу туура эмес маалыматтарды тараткандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган.

Последние новости