www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ар бир бала сапаттуу билим алууга жана коопсуз келечекке укуктуу. Бүгүн — Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 18 жашка чейинки жарандардын эмгегин жөнгө салган негизги мыйзамдык ченемдерди эске салды.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жумушка кабыл алуунун минималдуу курагы 16 жаш болуп саналат. Өзгөчө учурларда, уюмдун өкүлчүлүктүү органы же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу 15 жашка толгон өспүрүмдөрдү жумушка тартууга жол берилет.
Ал эми 14 жаштагы окуучулар ата-энесинин же камкорчусунун, ошондой эле камкордук жана көзөмөл органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жеңил жумуштарга гана тартылышы мүмкүн. Мындай жумуштар алардын ден соолугуна зыян келтирбеши жана окуу процессине тоскоолдук жаратпоосу керек.
Мыйзамга ылайык, 14–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн жумуш убактысы жумасына 24 сааттан, ал эми 16–18 жаштагылар үчүн 36 сааттан ашпоого тийиш.
Ошондой эле Эмгек кодексинин 11-главасында жашы жете электерди коргоого багытталган өзгөчө чектөөлөр каралган. Ага ылайык, өспүрүмдөрдү оор, зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарга тартууга катуу тыюу салынат.
Мындан тышкары, “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык 18 жашка чыга элек жарандардын оор жана кооптуу өндүрүштөрдө иштөөсү да толугу менен тыюу салынган.
Бийлик өкүлдөрү жыл сайын мамлекеттик инспекторлор менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканаларда балдар эмгегине байланыштуу мыйзамдардын аткарылышын текшерип турарын билдиришти. Ошондой эле өлкө аймагында милиция кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер тарабынан рейддер өткөрүлүп, балдар эмгегин пайдалануу фактылары аныкталууда.
Министрлик өзгөчө белгилейт: Кыргызстанда балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынат.
Жарандардан балдар эмгегин мыйзамсыз пайдалануу же жашы жете электердин укуктарын бузуу фактылары боюнча 111 ишеним телефону аркылуу кайрылуу өтүнүчү айтылды.