www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба тармагындагы ички өндүрүштү колдоо жана 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында өткөрүүгө шарт түзүү максатында алма импортун 6 айга токтотуу боюнча демилге көтөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Учурда тиешелүү токтомдун долбоору даярдалып жатат. 2026-жылы Кыргызстанда болжол менен 179,4 миң тонна алма алуу күтүлүүдө. Республика боюнча мөмө берип жаткан алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.
"Сунушталып жаткан чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сезондук түшүмүн өткөрүүгө шарт түзүүгө багытталган. Ошол эле учурда демилгени кароодо ички рыноктун алма менен камсыз болушуна жана продукциянын калк үчүн жеткиликтүүлүгүнө көңүл бурулат", - деп айтылат маалыматта.