www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-февралында Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык тышкы иштер департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцар кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү, 2026–2029-жылдарга карата Кызматташтык программасын ишке ашырууну, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну талкуулашты.
КР Тышкы иштер министри швейцар тарапты 2026-жылы ЕККУга төрагалык кылуусу менен куттуктап, Уюмдун алкагында тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
Тараптар эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгилеп, жогорку деңгээлдеги байланыштарды жандандыруунун маанилүүлүгүн баса көрсөтүштү.
Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, туризм тармагындагы кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу тоо өнүгүүсү жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча да пикир алмашуу болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кыргыз-швейцар өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.