www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 2025-жылдын он бир айында чет өлкөлөргө жалпы суммасы 682,8 млн долларлык 6,2 тонна алтын экспорттоду. Декабрь айында алтын экспорттолгон эмес. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. 

Ага ылайык, алтын эң көп же 3,9 тонна Швейцарияга сатылды. Улуу Британияга 2,1 тонна, Малайзияга 100 кг, Түркияга 10,6 кг, ал эми Кытайга 200 грамм сатылган.

Статком ошол эле учурда былтыр алтын экспорту 2024-жылга салыштырмалуу азайып, 79,5% түшкөнүн белгиледи.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда 2025-жылы 26 тонна алтын өндүрүү пландалганын билдирген. 2024-жылы 24 тонна, 2023-жылы 32 тонна алтын казылган.

Последние новости