www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында Лондон фондулук биржасына барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөлүк деңгээлдеги эң байыркы жана ири баалуу кагаздар соода аянтчаларынын бири болгон биржанын соода сессиясы расмий түрдө ачылды.
Кыргыз Республикасы менен Лондон фондулук биржасынын ортосунда суверендүү еврооблигацияларды чыгаруу маселелери боюнча натыйжалуу кызматташуу тажрыйбасы бар.
Аземдин соңунда Министр Ж.Кулубаев биржанын ардактуу коноктор китебине эскерүү жазуусун калтырды.