www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга шаардагы абалды көзөмөлдөө жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Калаа башчысы учурда шаардагы негизги маселелер баш аламан соода жайларын иретке келтирүү, мыйзамсыз соода жүргүзүүгө бөгөт коюу жана коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу экендигин белгиледи.

Бул багытта күнүмдүк рейддик иш-чараларды күчөтүү, алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, тартипти сактоо жана мыйзам талаптарын бузгандарга карата тиешелүү чараларды көрүү боюнча кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарылдыгын айтып, ыкчам жана так иш алып барууну тапшырды.

 

Последние новости