www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-февралында Лондон шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия – Улуу Британия» форматындагы министрлер жолугушуусуна катышты.

Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Улуу Британиянын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы катышты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Улуу Британиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары соода-экономикалык, транспорттук жана инвестициялык кызматташтык, ошондой эле заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү багыттарында жаңы аймактык форматтагы диалогду мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты. «С5+UK» форматы системалуу диалогду түзүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган практикалык чараларды иштеп чыгууга өбөлгө боло турган маанилүү платформага айланат деген жалпы түшүнүк билдирилди.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев бүгүнкү күндө Борбордук Азия Азия менен Европанын ортосунда стратегиялык жактан жайгашкан, бай энергетикалык ресурстарга ээ, чоң адамдык потенциалы жана кеңири транзиттик мүмкүнчүлүктөрү бар негизги геосаясий аймак экенин белгиледи. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуусу Борбордук Азияда конструктивдүү диалогдун жана натыйжалуу кызматташуунун үлгүсү болуу менен катар, региондун дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде Улуу Британия менен соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткандыгы белгиленди.

Бул багытта ал Улуу Британия менен соода, финансы, энергетика, транспорт, климат жана билим берүү тармактарында эки тараптуу жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүнүн актуалдуулугун белгиледи. «С5+UK» форматынын ийгилиги конкреттүү долбоорлор, инвестициялар, билим берүү программалары жана туруктуу өз ара аракеттенүү механизмдери менен өлчөнөрүнө ишеним билдирилди.

Улуу Британия тарабынан киргизилген санкциялар маселесине токтолуп, Министр Ж.Кулубаев бир тараптуу чектөөчү чаралардын Борбордук Азия өлкөлөрү менен Улуу Британиянын ортосундагы соода, экономикалык жана финансылык кызматташтыкка мүмкүн болгон терс таасири боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал эл аралык экономикалык жана коммерциялык байланыштарды саясатташтырууга каршы турган кыргыз тарап өз ара алгылыктуу жана конструктивдүү чечимдерге жетишүү үчүн ачык жана мазмундуу диалогго даяр экенин баса белгиледи.

Последние новости