www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 26-февралында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды.

Трансплантация 1981-жылы туулган бейтапка жүргүзүлдү. Ал 2018-жылдан бери өнөкөт программалык гемодиализде болуп келген. Анын 1978-жылы туулган бир тууган агасы донор болду. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк трансплантациялоо операциясы 2018-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Жалпы 2018-жылдан бери 81 операция аткарылган, анын ичинен 38и бюджеттик негизде жасалган.

Мекемеде трансплантация учурунда иммунологиялык тестирлөөнүн ыкмалары киргизилген. Алар HLA системасы боюнча гистошайкештикти аныктоо, Crossmatch (айкаш тест) жүргүзүү жана PRA көрсөткүчүн эсептөөнү камтыйт. Бул операциялардын коопсуздугун жогорулатууга жана дарылоонун узак мөөнөттүү жыйынтыктарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда бөйрөк трансплантациясына муктаж өнөкөт бөйрөк ооруларынын 5-стадиясындагы болжол менен 200гө жакын бейтап күтүү тизмесинде турат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун медициналык бригадасы кеңеш алуу жана мүмкүн болуучу операцияга даярдык көрүү үчүн бейтаптарды кабыл алууга даяр.

Кеңеш алуу үчүн байланыштар:
Эсембаев Болот Исмаилович — 0778 670 006
Байзаков Мирбек Турсунбекович — 0550 227 701

Последние новости