www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-февралында Женева шаарында өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Андорра Княздыгынын Тышкы иштер жана кызматташтык министри Имма Тор Фаус менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Андорранын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл туруктуу тоо өнүгүүсү жаатындагы салттуу тыгыз өнөктөштүккө, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагындагы өз ара мамилелерди чыңдоого бурулду.
Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын эл аралык демилгелери тууралуу, анын ичинде 2027-жылдын октябрь айында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Экинчи глобалдык тоо саммити жөнүндө маалымдады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тышкы саясий ведомстволордун башчылары эки тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.