www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашуулардагы абал: Жол тазалоо иштери жүрүүдө

Бүгүн, 24-февралга карата өлкө аймагындагы авто жолдогу абал туруктуу. Каттам бар,  жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдордо  ашууларда жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда Ош–Сары-Таш–Эркечтам авто жолунун Чыйырчык, Талдык, Тон-Мурун ашууларында; Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка авто жолунун Чапчыма ашуусунда; Бишкек–Ош авто жолунун Тоо-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында, Боом капчыгайында; Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда; ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Туз-Бел, Кубакы, Кызыл-Бел ашууларында; Тараз–Талас–Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашуусунда жана Түп–Кеген жолунда каттам үзгүлтүксүз уланууда.

Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 23–28-февраль күндөрү Бишкек–Ош авто жолунун 198–255-чакырымдарында (Өтмөк тилкеси, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), ошондой эле 23–26-февраль күндөрү Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун 294–297-чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкү жүрүү коркунучу жогорулайт.

Ушуга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу максатында, аталган күндөрү кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Министрлик жогорудагы айтылган маалыматты эске алып, зарылчылыгы жок болсо алыскы жолго чыкпоого жана түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. 

 

Последние новости