www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 20-апрелинде Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында «Коомдук коопсуздук жана калктын саламаттыгы үчүн трансулуттук баңгизат коркунучтарына каршы аракеттенүү» аттуу эл аралык форумдун алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун АКШнын Мамлекеттик департаментинин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча бюросунун (INL) Европа жана Азия программалары бөлүмүнүн директору Марк Тервакоски менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков АКШнын Мамлекеттик департаментинин INL бюросу менен көп жылдык кызматташтык туруктуу жана өз ара пайдалуу мүнөзгө ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, INLдин колдоосу менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүүгө багытталган бир катар маанилүү демилгелер ишке ашырылган.

Мындан тышкары, тараптар адам сатууга каршы аракеттенүү, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана трансулуттук коркунучтарга каршы күрөшүү багыттарындагы долбоордук программаларды ишке ашыруу сыяктуу мындан аркы кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле санариптик криминалистика, кибер кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жана укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо багытындагы долбоорлорду өнүктүрүүнү улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Мындан тышкары, баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы мындан аркы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого багытталган өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, диалогду чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди кеңейтүүгө өз ара умтулуу белгиленди. 

Последние новости