www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйыны өтүп, жол курулуш иштеринин жүрүшү жана жаанчыл аба ырайына байланыштуу сел коопсуздуктарынын алдын алуу чараларынын аткарылышы боюнча маселелер каралды.

“Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканаларына жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чукул чараларды көрүү тапшырылды. 

Ошондой эле, бардык аймактарда асфальт-бетон заводдорун ыкчам түрдө ишке киргизүү белгиленди. Пландык иштердин аткарылышы облустук аймактык бөлүмдөргө жана Жол тейлөө башкармалыктарына табыштады.

Өзгөчө көңүл Түндүк – Түштүк унаа жолун ачууга бардык даярдыктарды көрүү иштерине бурулуп, мындан тышкары туристтик жайларга баруучу жолдордун тизмесин тактоо жана ал жолдорду сапаттуу жасоо талап кылынды.

“Каратай” транспорттук көзөмөл пунтктундагы унаалардын тыгыны боюнча да маселе көтөрүлдү.

Жыйындын соңунда бүгүнкү күнгө карата республика боюнча салынган жолдор тууралуу маалымат угулуп, курулуш иштерин эртелетүү зарылдыгы белгиленди.

Последние новости